Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:07

Палестинада премьер-министрдин кызматы киргизилди


Дүйшөмбү күнү премьер-министрдин кызматын киргизүү жөнүндөгү сунушту автономиянын парламенти жактырды. Эми парламент өкмөт башчысынын ыйгарым укуктарын аныктайт. Премьер-министрлик кызматка көптөн бери автономия башчысы Ясир Арафаттын орун басары болуп иштеп келген Махмуд Аббас дайындалары күтүлүүдө. Палестин автономиясынын бийлик органдарындагы негизги реформалардын бири катары премьер-министрдин кызматы киргизилишин жөөт-палестин чатагын жөндөө ишине тартылган эл аралык ортомчулар талап кылган эле. Палестин лидери Ясир Арафаттын бийликтеги таасирин чектөөнү АКШ менен Израил да көздөөдө.

XS
SM
MD
LG