Президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык билдирген оппозиция өкүлдөрү дүйшөмбүдө Борбордук Шайлоо Комиссиянын имаратынын алдына чогулду. Алар БШКнын имаратынын алдында чатырларды орнотуп, "Степан Демирчян - жалпы эл тарабынан шайланган президент" деген ураан – чакырыктарды илип коюшкан. Милициянын маалыматына караганда, нааразылык акциясына 100 дөй адам катышууда. БШК жарыялаган расмий маалымат боюнча 5- марттагы шайлоодо азыркы президент Роберт Кочарян 67,5%, анын атаандашы Степан Демирчян 32,5% добуш топтогон. Бирок, Демирчян шайлоодогу мыйзам бузууларды жүйө кылып, добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган жок. Оппозиция өкүлдөрү добуштарды бурмалоого жол бергени үчүн БШКнын төрагасы А.Саркисянга каршы кылмыш ишин козгоо талабы менен Армениянын Башкы прокуратурасына да арыз жолдошту.