Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

Режеп Эрдоган Түркиянын премьер-министрлик кызматында Абдулла Гүлдү алмаштырат


Түркиянын бийликтеги "Адилеттүлүк жана Өнүгүү" партиясынын лидери Режеп Эрдоганга өкмөт башчысынын ордун бошотуу үчүн азыркы премьер-министр Абдулла Гүл өз кызматынан чегинет. Дүйшөмбү күнү Анкарада бул тууралуу Абдулла Гүл өзү билдирди. Эрдоган жекшембиде парламентке Сиирт шаарында өткөн кошумча шайлоодо жеңишке жетишкен. Эми ал парламент мүчөсү катары премьер - министрликке дайындала алат. Режеп Эрдоган Ирактагы ыктымал согушка байланыштуу америкалык аскерлерди жайгаштырууга уруксат берүү өтүнүчү менен парламентке кайра кайрылышы мүмкүн экенин жокко чыгарган жок. Анын айтымында,парламентке жогорудагыдай өтүнүч БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынынан жана Түркиянын жаңы өкмөтү түзүлгөн соң берилиши мүмкүн. Түркиянын парламенти өкмөттүн америкалык аскерлерди жайгаштыруу маселеси боюнча баштапкы өтүнүчүн 1-мартта четке каккан.

XS
SM
MD
LG