Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы Ташкенге жөнөп кетти


БИШКЕК. 10-мартта Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйынына катышканы Ташкенге жөнөп кетти. Тышкы иштер министрлигинен 10-мартта алынган маалыматка караганда, делегация үч топтон турат жана аны Кыргызстандын ЕврАзЭСтеги вице-премьер-министр даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетов жетектейт. Өкмөт аралык комиссиянын жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасынын буга чейин такталган аянты каралып, калган бөлүктөрүн тактоо боюнча жакынкы 3-4 айда жасала турган иштердин планы бекитилет. Андан кийин Кыргызстандын Өзбекстандын аймагындагы Барак анклавына транспорт каттатуу боюнча сүйлөшүү болот. Кыргыз делегациясынын башчысы Б. Мамбетовдон 10-мартта алынган маалыматка караганда, бул боюнча Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев Өзбекстандын премьер-министри Уткир Султанов менен эки жолу сүйлөшкөн соң маселени өкмөттүк деңгээлде чечүү макулдашылган. Эки мамлекеттин жарандары менен транспортун эркин каттатуу боюнча 2000-жылдын июль айында кабыл алынган макулдашууга карабастан, Өзбекстан Баракка барчу жолду январда жаап салган. Андан тышкары, делегациялар Карасуу районунун аймагындагы Шахрихансай суусундагы Өзбекстан тарап бузуп салган көпүрө тууралуу да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Эксперттик топ болсо эки мамлекеттин чек арасында текшерип-өткөрүүчү бирдиктүү бекеттерди орнотуу боюнча макулдашуунун долбоорун даярдайт.

XS
SM
MD
LG