БИШКЕК. 10-мартта бир катар коомдук жана бейөкмөт уюмдар, саясий партиялар Кыргызстандын жарандарын бир жыл мурдагы Аксы окуясын 17-мартта күндүзгү саат 11де бүткүл өлкөнүн аймагында аза күтүү митингисинде жана жыйындарда эскерүүгө чакырышты. Мындай чакырык таштагандардын арасында «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы, “Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылы, «Интербилим» бейөкмөт уюму, «Арнамыс» партиясы жана Бишкектеги Хельсинки тобу бар. Чакырууда «Боспиек айлында 6 баланын жалпы кыргызстандыктарды бийликтин өзүм билемдигинен, мыйзамсыздыктан коргоп жатып окко учкандыгы» эскертилген. Ал эми «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын дүйшөмбү күнкү жыйынында кыймылдын төрагасынын үчүнчү орун басарлыгына белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев шайланды.
Коомдук уюмдар жана саясий партиялар кыргызстандыктарды Аксы окуясынын 1 жылдыгына чакырышты