Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:39

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Венецияга барат


БИШКЕК. 14-мартта биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов Венецияга иш сапары менен барат. Анын максаты Европанын «Укук аркылуу демократияга» аттуу комиссиясынын, башкача айтканда Венеция комиссиясынын 54-отурумуна катышуу. Бул тууралуу шейшембиде Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка караганда, Курманбек Осмонов Венеция комиссиясына 2-февралдагы референдумда кабыл алынган Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясын сунуштап, ага киргизилген алымча-кошумчалар тууралуу маалымат берет. Ал эми оппозиция тараптан Венеция жыйынына эч ким чакырылбаганын «Атамекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

XS
SM
MD
LG