БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги Казакстандын элчилигинин алдында казакстандык журналист Сергей Дувановду колдоо акциясы өткөрүлдү. Ага өлкөдөгү саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын 15тей өкүлү катышты. Пикеттин катышуучулары бир эле Сергей Дувановго эмес, саясий туткундар Мухтар Аблязовго, Галымжан Жакияновго да боштондукту талап кылган плакаттарды көтөрүп турушту. Пикетчилерге чыккан Казакстандын элчилигинин кызматкери Сергей Дувановго жана башка адамдарга байланыштуу иштер сот аркылуу чечилээрин билдирди.