Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

ОПЕК уюму мунай өндүрүүнүн күндөлүк көлөмүн мурдагы деңгээлде калтырды


Жогорудагыдай чечим ОПЕК уюмуна кирген өлкөлөрдүн Венадагы жыйынында кабыл алынды. Жыйын Ирактагы ыктымал согушка байланыштуу соңку кездери эл аралык мунай базарында түзүлгөн кырдаалды талкуулоо максатында чакыртылган эле. Акыркы апталарда кара майдын наркы бир топко көтөрүлүп, баа Перси булуңундагы 1990-91 –жылкы согуш учурундагы деңгээлге чыкты. ОПЕК уюмуна кирген өлкөлөр күнүнө эл аралык базарга чыгарылган мунайдын үчтөн бир бөлүгүн, тактап айтканда 24 .5 миллион баррелин өндүрөт.

XS
SM
MD
LG