Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:19

Армян оппозициясынын жактоочулары Ереванда нааразылык жыйынын өткөрдү


Оппозициядагы саясатчы, жакындагы шайлоодо президентикке талапкер болгон Степан Демирчян жыйынга чогулгандар алдында сүйлөп, олуттуу мыйзам бузуулар менен өткөн добуш берүүнү жыйынтыктарын тааныбасын билдирди. Добуш берүүнү экинчи айлампасы эл аралык стандарттар менен демократиялык шайлоонун талаптарына жооп бербегенин чет элдик байкоочулар да белгилеген эле. Ал эми бүгүн Армениянын Борбордук Шайлоо Комиссиясы президенттик шайлоонун соңку расмий жыйынтыктарын жарыялап , Роберт Кочарян мамлекет башчылыгына дагы бир мөөнөткө кайра шайланганын биротоло ырастады. Расмий маалыматка караганда, Кочарян 5- марттагы шайлоодо добуштардын 67.5%, анын атаандашы Степан Демирчян 32.5%на ээ болгон. Роберт Кочарян эми кайта шайланган президент катары 9-апрелде ант берет.

XS
SM
MD
LG