Сергей Дувановдун адвокаттары Казакстандын Алматы облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган эле. Бирок, облустук сот алардын өтүнүчүн четке кагып, журналисти үч жарым жылга эркинен ажыраткан райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Сергей Дуванов - казак өкмөтүн, президент Нурсултан Назарбаевди ачык сындаган макалардын автору. Ага "бойго жете элек кызды зордуктады" деген айып тагылган. Казак оппозициясынын өкүлдөрү, укук коргоочулар Дувановдун кылмыш ишин жасалма деп эсептешет.