Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Эл аралык Кылмыш Сотунун бетачар жыйынында анын судьялары ант берди


Туруктуу негизде иштей турган Эл аралык Кылмыш Сотунун 18 судьясы болот. Соттун бетачар жыйыны Гаага шаарында өтүп, салтанатка БУУнун башкатчысы Кофи Аннан,эл аралык уюмдардын, бир катар мамлекеттердин жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү катышты. Соттун максаты - адамзатка каршы аскерий кылмыш жасаган адамдарды өз өлкөсүнүн соттору жөндөмсүз болгон учурда жоопко тартуу. Эл аралык Кылмыш Сотун түзүү жөнүндөгү келишим азырынча дүйнөнүн 89 мамлекети тарабынан ратификацияланган. Келишимге кошулбаган өлкөлөрдүн арасында АКШ да бар. Кошмо Штаттар мындай кадамга сот америкалык аскер кызматчыларды саясий жүйөөдөн улам куугунтуктоо үчүн пайдаланылышы ыктымал деген кооптонуулардан улам бара элек.

XS
SM
MD
LG