БИШКЕК. Адам эркиндиктери жана укуктары боюнча институт Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясын жана мыйзамдарын экспертизага алып, алардын эл аралык стандарттарга дал келишин текшерип чыгат. Бул ишке институт юристтерди, укук коргоочуларды тартат. Ал тууралуу бүгүн институттун башчысы Топчубек Тургуналиев билдирди. Анын айтымында, институт адегенде Конституциянын эң маанилүү бөлүмдөрүн экспертизага алат.