БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту укук коргоочу Турсунбек Акундун премьер-министр Николай Танаевге каршы берген доо арызын кароону улантты. Мурда күтүлгөндөй бул күнү тараптар жарыш сөзгө чыккан жок. Ага доогер Турсунбек Акундун соттон жарыш сөзгө даярданыш үчүн убакыт берүүнү өтүнгөнү жана «жоопкер Н.Танаев сотко өзү келмейинче жарыш сөзгө чыкпайм жана сотко катышпайм» деп кат жүзүндө берген талабы себеп болду. Мындан тышкары, Турсунбек Акун Николай Танаевдин өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктү камакка алууну талап кылды. Судья доогердин өтүнүчү канааттандырылаары же канааттандырылбасы тууралуу маалымат берген жок жана сот 24-мартта уланаарын жарыя кылды. Турсунбек Акун ушул эле күнү «ишти карап жаткан судья Мадина Давлетбаева эки тарапка бирдей мамиле жасабай жатат, бийлик массалык маалымат каражаттары аркылуу психологиялык басым жасоодо» деген билдирүүсүн элге, массалык маалымат каражаттарына жана эл аралык укук коргоо уюмдарына жолдоду.