Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Москвадагы түркмөн элчилигинин алдында нааразылык акциясы болду


Түркмөн президенти Сапармурад Ниязовдун режимине каршылык билдирип, өлкөнүн Москвадагы элчилигинин алдына жыйналган 50 дөй адам эл аралык коомчулукту түркмөн оппозициясынын лидерлеринин бири Борис Шихмурадовдун тагдырына көңүл бурууга чакырды. Ал президент С.Ниязовдун өмүрүнө былтыр ноябрь айында жасалган кол салуу аракетин уюштурганы үчүн айыпталып, өмүр бою түрмөгө кесилген. Жалпысынан бул иш боюнча 50дөн ашуун киши соттолду. Бирок, ал кол салуу аракети ойдон чыгарылган деп эсептегендер да жок эмес.

XS
SM
MD
LG