Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Адам укуктары боюнча европалык сот Түркияны Абдулла Өжаландын сот иши үчүн сынга алды


Адам укуктары боюнча европалык соттун чечиминде айтылгандай, Түркия Күрд Жумушчу партиясынын лидери Абдулла Өжаландын үстүнөн сот жараянын ачык өткөргөн эмес, айыпкердин өз адвокаттары менен байланышын чектеген. Адегенде А.Өжалан өлүп жазасына кесилип, кийинчерээк ал өмүр бою түрмө жазасы менен алмаштырылган эле. Түркиянын аскерий соту Абдулла Өжаланды күрддөрдүн он алты жылга созулган козголоңу учурундагы жолбашчысы катары миңдеген адамдардын өлүмүнө түздөн - түз тиешеси бардыгы үчүн айыптаган.

XS
SM
MD
LG