Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Сербиянын премьер-министри киши колдуу болуп каза тапты


Окуя Белградда, Сербиянын өкмөттүк имаратынын жанында болду. Снайпердик мылтыктан атылган эки октун бири премьер-министр Зоран Жинджичтин көкүрөгүнө, экинчиси жонуна тийген. Серб өкмөтүнүн вице-премьери Небойша Човичтин билдиргенине караганда, премьер-министр алган жаракатынан улам ооруканада каза тапкан. Өкмөт шашылыш өткөргөн жыйындан кийин өлкөдө өзгөчө абал киргизилди. Бейшембиден тартып үч күнгө аза күтүү күнү жарыяланды. Серб полициясы окуяга байланыштуу шектүү эки адамды камакка алган. Зоран Жинжич – кезинде Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевичти бийликтен кулатуу аракеттерин жетектеген саясатчылардын бири. Кийинчерээк Сербиянын премьер-министри катары С.Милошевичти БУУнун Гаагадагы трибуналына кармап берүү жөнүндө чечим кабыл алганы үчүн серб улутчулдарынын каарына калган эле. Баяндамачылар Зоран Жинджичтин киши колдуу болушун анын батышчыл саясатына байланыштырууда.

XS
SM
MD
LG