Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

«Кумтөр оперейтинг» компаниясынын өкүлдөрү Жетиөгүз, Тоң райондорунун жетекчилери менен жолугушту


КАРАКОЛ. Жолугушууда «Кумтөр оперейтинг» компаниясынын экология бөлүмүнүн инженери Родня Ступарэк жана профессор Олег Калов комбинаттын экологияга тийгизген терс таасири тууралуу жергиликтүү калктын тынчсызданышына негиз жок экенин айтышты. Алардын сөзүнө караганда, кен комбинатына кетчү жолдун чаңын тазалаш үчүн өлкөнүн Экология жана чукул кырдаалдар министрлигинин сунушу боюнча жолго өсүмдүк майы төгүлүүдө. Аталган ишканага барчу жолдогу 13 жаратылыш аймагына ар дайым көзөмөл жүргүзүлүп, чаңдын айлана-чөйрөгө, эгин талаасына тийгизген таасири изилденип турат. Ошондой эле жол жээктерине карагай көчөттөрү отургузулууда.

XS
SM
MD
LG