Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Бишкекте Ирак согушуна каршы митинг өткөрүлөт


БИШКЕК. Жума күнү Бишкекте Иракка согуш ачууга каршы митинг өткөрүлөт. Мындай акция Кыргызстандагы Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясы жана бир катар коомдук уюмдар тарабынан уюштурулууда. Аталган ассоциациянын башчысы Токтайым Үмөталиеванын айтымында, акция «Согушсуз дүйнө үчүн» деп аталып, ага беш жүзгө жакын адам катышаары күтүлөт. Акциянын катышуучулары Ирак маселесин тынчтык жолу менен чечүүнү жактап, дүйнөдөгү ар кандай согушка каршылык билдиришет. Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да билдирүү таратып, Иракка байланыштуу маселе тынчтык жолу менен чечилишин жактай тургандыгын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG