Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

Премьер-министр Николай Танаев Эл өкүлдөр жыйынында отчет берди


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарына өкмөттүн 2002-жылдагы жасаган иштери боюнча отчет берди. Н.Танаевдин айтымында, 2002-жылы өлкөдө 44 миллиард 784 миллион сомдук товар өндүрүлгөн. Былтыр тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 миллиард 75 миллион долларды түзүп, 2001-жылга салыштырганда 14% жогорулаган. Анын ичинде КМШ өлкөлөрүнөн ташылып келген товарлардын саны 25, 6%, ал эми экспорт 0,1%, өскөн. Ал эми алыскы өлкөлөрдөн ташылып келген товарлардын өлчөмү 25, 6%, экспорттун өлчөмү 3,8% жогорулаган. Өкмөт башчысы быйыл биринчи апрелден тартып мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият кызматкерлеринин маянасы 20%, ал эми ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айлыгы 50% жогорулай тургандыгын айтып өттү. Андан соң Николай Танаев депутаттардын суроолоруна жооп берди.

XS
SM
MD
LG