Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Өзбекстандын аймагында жайгашкан Барак айлына кыргызстандыктар эркин каттай турган болду


БИШКЕК. Өзбекстандын аймагында жайгашкан Барак айлынынын жашоочуларынын Кыргызстандын аймагына эркин катташын камсыз кылуу жөнүндө 2000-жылдын 2-июлундагы өкмөт аралык макулдашууну аткаруу боюнча протоколго Ташкен шаарында кол коюлду. Мындай протокол азыр Өзбекстандын борборунда өтүп жаткан кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыктын» кабарчысына азыр Ташкенде сүйлөшүү өткөрүп жаткан кыргыз делегациясынын башчысы, Кыргызстандын Евразия Экономикалык Шериктештигиндеги өкүлү Базарбай Мамбетов кабарлады. Анын айтымында, сөз болуп жаткан протоколго ылайык Өзбекстандын жетекчилиги жакынкы күндөрү Барак анклавына барчу жолду ачуу тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырма берди.
Өзбекстан тарап 2002-жылдын январь айында Баракка барчу жолду жаап, ал эми 2003-жылдын январь айында Карасуу районундагы Шахрихансай дарыясындагы эки өлкөнү байланыштырган көпүрөнү буздуруп салган. Мындан тышкары, Базарбай Мамбетовдун айтымында, Ташкендеги жолугушуунун катышуучулары «Эки өлкөнүн чек-арасында текшерип-өткөрүүчү бирдиктүү пункттарды биргелешип коюу тууралуу» макулдашуунун долбоорун даярдашууда. Сүйлөшүү жума күнү соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG