БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаардык соту «Моя столица» гезитинин апелляциялык арызын карап, «Мерли сайт» ишканасынын доо арызынын негизинде Ленин райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Ленин райондук соту өткөн жылдын 4-декабрында гезит кабарчысы Ли Ларисанын 2002-жылдын июлунда жарыяланган «Керосинге акциз илишти» («На керосиново навесили акциз») аттуу макаласы үчүн гезитке 500 миң сом, кабарчыга 10 миң сом айып таккан. Макалада журналист «Мерли сайт» ишканасынын эркин экономикалык аймакта курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана катары катталып, салыктардан жеңилдик алганы, бирок иш жүзүндө авикеросин ташып сатып жатканы тууралуу жазган. Бишкек шаардык сотунун чечимине ылайык «Моя столица» гезити жана макаланын автору айыпты он күндүк мөөнөттө төлөшү керек. Төлөбөсө гезит жабылып калышы мүмкүн. Басылманын башкы редактору Александр Ким гезиттин мынчалык каражаты жок экендигин айтып, ошол себептүү гезитке кысым көрсөтүү жөнүндө өз окурмандарына кайрылуу менен чыгаарын билдирди. Азыр Ленин райондук соту гезитке каршы ондон ашык доо арыздарды карап жатат.