Көлөмү 210 килограмм келген героинди тажик милициясы өлкөнүн борбору Душанбе шаарынын түндүк тарабынан кармалган эки наркосоодагерден алган."Франс – Пресс" агенттигинин кабарына караганда, тажик милициясы соңку үч аптанын ичинде жүргүзүлгөн атайын операция учурунда 550 килограмм героин кармады. Ал эми жыл башынан бери алынган наркозаттардын өлчөмү 1,5 тоннага жетет, анын 1,2 тоннасы героин.
Улан Эшматов, Прага
Улан Эшматов, Прага