Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Чеченстан референдумга даярдык көрүүдө


"Итар-Тасс" агенттигинин билдиргенине караганда, Чеченстандын жаңы Конститутциясы боюнча референдум өтөр алдында коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Милиция административдик имараттарды, мектептерди, ооруканаларды, шайлоо бекеттерин тегерете кайтарууга алып жатат. Чеченстандын Борбордук Шайлоо Комиссиясы шайлоо бюллетендерин жер-жерлерге жөнөтө баштады. Ал эми бүгүн Грозный шаарында болгон жарылуудан бир адам өлүп, үч киши жаракат алды. Аралыктан башкарылуучу бомба жоокерлер түшкөн автоколоннанын жолунда жарылган.

XS
SM
MD
LG