Хамид Карзай бул тууралуу донорлордун Кабулдагы конференциясы учурунда билдирди. Анын айтымында, Ооганстандын муктаждыгы бир жыл мурун Токиодогу конференцияда белгиленгендегиден үч-төрт эсе көп. Алдыдагы беш жылда Ооганстанды калыбына келтирүү үчүн 15 – 20 миллиард доллар зарыл. Каражат наркосоодага, террорчулукка каршы күрөшүү, коопсуздукту чыңдоо үчүн да керек. Былтыр Токиодогу конференцияда донорлор Ооганстанга 4,5 миллиард доллар убада кылган. Азыркыга чейин ал каражаттын жарымы берилди.