Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Премьер-министр Зоран Жинжичтин өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деген шек менен Сербияда 40тай киши камакка алынды


Камалгандар серб өкмөт башчысынын өлтүрүлүшүнө түздөн-түз же кыйыр тиешеси бардыгы үчүн шектелүүдө. Бирок, полициянын бейшембидеги маалыматына караганда, шектүү адамдардын анабашчылары, алардын ичинде полициянын "Кызыл беретчендер" деп аталган атайын бөлүгүнүн мурдагы командири Милорад Лукович кармала элек. Ал Балканда 90-жылдарда болгон согушка жигердүү катышкан. Серб өкмөтү премьер-министрдин өлүмү үчүн жоопкерчиликти дал ушул Милорад Лукович жетектеген кылмыштуу топко жүктөдү. Зоран Жинжичти кечээ Белградда, өкмөт үйүнүн жанында снайпердик мылтыктан эки ирэт атышкан. Бул окуядан кийин Сербияда өзгөчө абал киргизилди,үч күнгө аза күтүү күнү жарыяланды. Зоран Жинжичтин сөөгү ишемби күнү жерге коюлат.

XS
SM
MD
LG