Казакстандын коргоо министрлигинин айтымында, 13-мартта Алматыдагы Американын элчилигинде талкуу болуп, АКШ менен Казакстан ортосундагы аскерий кызматташууну кеңейтүү тууралуу макулдашылды. Америка Кошмо Штаттары Казакстанга кошумча аскерий учак жана тик учмаларды, андан тышкары Каспий деңизиндеги казак флотуна кеме да берет жана казак аскерлерин машыктырат. Азыр Казакстан аскерлеринин 20 пайызы контракт боюнча кызмат өтөйт жана 2007-жылга чейин андайлардын саны 50 пайызга жеткирилет.