Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Немис канцлери Алманиянын экономикасын жандантууга чара көрүүдө


Немис канцлери Герхард Шрөдер 14-мартта өлкө парламентинде чыгып сүйлөп, Алманиянын экономикасын жандантуу боюнча бир нече сунуш айтты. Шрөдердин пикиринде, кесиптик кошуундардын укуктарын анча-мынча чектеп, жумушсуздарга төлөнгөн жөлөк пулдун өлчөмүн азайтыш керек жана жумушчуларды кызматтан бошотууга тыюу салган мыйзамдар жумшартылууга тийиш. "Алманиянын экономикасын жана социалдык системасын кайрадан Европадагы эң алдыңкы орунга жеткирүү үчүн керектүү өзгөртүүлөрдү ишке ашырууну максат кылып, биз жана биздин мамлекет бел байлаш керек". Андан тышкары, Шрөдердин айтымында, немис өкмөтү азыр өлкө ишканаларына казынадан жалпы наркы 16 жарым миллиард долларга жеткен насыя берүүгө даярданууда, ал акчага ар башка экономикалык долбоорлор даярдалат.

XS
SM
MD
LG