Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Ооган полициясы Талибан кыймылынын дагы он мүчөсүн камакка алды

Ооган полициясы өлкөнү мурда башкарган Талибан кыймылынын он мүчөсүн кармаганы тууралуу билдирүүдө. "Ройтер" маалымат агенттигинин кабарына караганда, он кылмышкер 13-мартта Кандагар шаарында камакка алынган жана алар жаңы террор аракеттерин даярдап жаткан. Алар менен кошо бир топ курал жана мина кармалган. Ооган өкмөтүнүн айтымында, Талибандын калдыктары ооган-пакистан чек арасындагы тоолуу аймактарда жашынууда жана кээде алар менен куралдуу кагылышуулар да болуп турат.
XS
SM
MD
LG