Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Израил аскерлери Палестинада 10 арабды атып өлтүрдү


Израил аскерлери 14-мартта кеминде он палестинди атып өлтүрдү. Жөөт жетекчилигинин айтымында, алар террор аракеттерин даярдаган "Хамас" уюмунун жоокерлери болчу. Израил аскерлери таң эртең менен танкилер менен Йордан дарыясынын батыш жээгиндеги Женин шаарына чабуул жасап, алты палестинди жок кылган, анын алдында болсо, Жениндин алдындагы айылда дагы төрт адам өлтүрүлгөн. Палестин өкмөтүнүн башчысы Саеб Эрекаттын айтымында, жөөт аскерлеринин бул чабуулу - орчундуу эч нерсеге негизделбеген кыргын. 13-мартта болсо, Израил аскерлери жаңылыштык менен машине менен бараткан эки жөөттү да атып өлтүрүп алышкан.

XS
SM
MD
LG