БИШКЕК. 11-майда кайра түзүлгөн айылдык жана поселкалык кеңештердин депутаттарын, айыл өкмөт башчыларын шайлоо болот. Буга тууралуу жардыкка президент Аскар Акаев 11-мартта кол койду. Жума күнү президенттин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, жардыкка ылайык 11-майда Ош облусунун Араван районундагы Тепекоргон, Нурабад, Өзгөн районундагы Мырзаке, Алтынбулак айыл кеңештеринин депутаттарын, ушул эле райондун Нурабад айыл кеңешиндеги жана Өзгөн районунун Алтынбулак айыл кеңешиндеги айыл өкмөт башчыларын шайлоо болот. Жардыкка ылайык шайлоону Борбордук шайлоо комиссиясы уюштуруп, аны каржылоо жагын кыргыз өкмөтү өзүнө алат.