Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Аксы райондук прокуратурасы Өзбекстан менен чектеш аймактагы ок атууга байланыштуу кылмыш ишин козгоду


ЖАЛАЛАБАД. Аксы райондук прокуратурасы Өзбекстан менен чектеш Сарыжазык аймагындагы ок атууга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, иликтөөгө киришти. 12-мартта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери кыргыз жеринде жүрүшкөн Өзбекстандын куралдуу 2 жоокерин токтотушкан. Документ көрсөтүүнү өтүнүшкөндө, алардын бири асманга ок чыгарган. Коопсуздук органдарынын кызматкерлери экинчи өзбек жоокеринин Калашников автоматынын 28 огу бар магазинин алууга үлгүрүшкөн. Окуя боюнча Аксы райондук прокуратурасы Кылмыш кодексинин 242, 341, 346–беренелерине ылайык алардын «чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү, бийлик өкүлүнө каршылык кылгандыгы жана куралды мыйзамсыз алып жүргөндүгү» жөнүндө кылмыш ишин козгоду.

XS
SM
MD
LG