БИШКЕК. Бүгүн Венецияда Европа Комиссиясынын 54-пленардык жыйыны ишин баштады. Ага Кыргызстандан биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов катышууда. Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынын ушул эле күнкү билдиргенине караганда, Курманбек Осмонов бул жыйында Кыргызстанда жүрүп жаткан демократиялык өнүгүү жана 2-февралдагы референдумда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы тууралуу маалымат берет. Европа Комиссиясынын бул жыйынына Кыргызстандан бул жолу оппозициялык күчтөрдүн өкүлдөрү барган жок. Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүнүн жана адам укуктарынын жагдайы тууралуу маалымат буга чейин 12-февралда Европа Комиссиясынын Венадагы жыйынында айтылган. Анда Кыргызстандан бийликтин жана оппозициялык күчтөрдүн өкүлдөрү маалымат беришкен.