Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:13

Турсунбек Акун сотко премьер-министрдин катышуусун талап кылууда


БИШКЕК. Укук коргоочу Турсунбек Акундун премьер-министр Николай Танаевге каршы доо арызынын негизинде жүрүп жаткан сот жараянынын кезектеги отуруму 24-мартка белгиленди. Анда сот каршылаш тараптардын соңку пикирлерин угат. Бул тууралуу укук коргоочу Турсунбек Акун ишембиде кабарлады. Ал ошондой эле соттун келерки отурумдарында да мурдагыдай эле сотко ишенбестик билдирээрин, эгер отурумга премьер-министр келбесе жарыш сөзгө чыкпай тургандыгын билдирди. Николай Танаев өзүнүн адвокаты Николай Жучковго ишеним көрсөтүү менен, сот отурумдарынын бирине да катыша элек. Турсунбек Акун премьер-министрдин былтыркы 9-сентябрдагы маалымат жыйынындагы билдирүүсүнө таянып, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна арыз берген. Анын негизинде алгачкы сот отуруму былтыр 12-ноябрда башталган. Андан бери соттун бул иш боюнча сегиз отуруму болду.

XS
SM
MD
LG