Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Президент А. Акаев гендердик теңчиликти камсыз кыла турган мыйзамды жактырды


БИШКЕК. «Гендердик теңчиликти камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктеринин негиздери» жөнүндөгү мыйзамга президент А. Акаев 12-мартта кол койду. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттиги ишембиде жазып чыкты. Сөз болуп жаткан мыйзам жарандардын жынысына карабай, алардын коомдогу бардык саясий, экономикалык, социалдык, маданий ишмердүүлүк жаатындагы укуктарын жөнгө салып турат. Мыйзамда кызматтын кайсы багыты болбосун, жарандарды жынысына карата басмырлоого тыюу салынган. Бул мыйзам Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын саламаттык сактоо жана аялдар иштери боюнча комитети тарабынан сунушталып, февралдын башында палатанын колдоосуна ээ болгон.

XS
SM
MD
LG