Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

ЕККУ Кыргызстанга 3 млн. 600 миң евро бере турган болду


БИШКЕК. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Кыргызстанга 2004-жылдын апрелине чейин 3 млн. 600 миң евро өлчөмүндө каражат бөлүүнү көздөп жатат. Ал тартип коргоо тармагында үлгүлүү милиция участокторун түзүүгө жумшалат. Мындай аракет терроризм, наркобизнес, киши жана курал сатуу өңдүү кылмыштарга бөгөт коюу максатын көздөйт. Бул тууралуу ЕККУнун азыркы төрагасынын Бишкекте иш сапары менен жүргөн өкүлү Даан Евертс 14-март күнү кечинде президент Аскар Акаев менен жолугушкан соң журналисттерге айтып берди. Ал эми Кыргызстандын президенти ЕККУнун өкүлү менен болгон жолугушууда региондун коопсуздугу туруктуу экономикалык өнүгүү менен байланыштуу экенин белгилеп, ЕККУнун жана ага мүчө болгон мамлекеттердин эксперттик жана финансылык жардам берээрине үмүт артаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG