Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:08

АКСЫ АЛААМАТЫНЫН ЖЫЛДЫГЫ. «АЖАР» КИНОСУН КИМ ТАРТАТ?


Апта соңунда кыргыз басылмалары Аксы алааматынын сабактарына, кайгылуу күндүн чоо-жайына арбын кайрылышты.

Демократия жана адам укугу үчүн 2002-жылы курман болгон 7 азаматтын тизмесин ишембиде жарыкка чыккан “Демократ” гезити жарыя кылды. Шералы Назаркулов саясий ачкалыктан 2002-жылы 7-февралда каза тапкан. Эркиналы Четимбаев, Сатымбай Үркүмбаев, Кадыркул Сапаралиев, Советбек Тагаев Кербенге бараткан жолдо укук коргоо кызматкерлеринин огунан набыт болушкан. Элдар Анарбек уулун үйүнүн жанында турган жеринен укук коргоо кызматкерлери атып кетишсе, Медетбек Бекмуратов Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында укук коргоо кызматкерлеринин токмогунан өлгөн.

Аксы алааматынын жылдыгына жума күнкү «Моя столица» гезити да кайрылды. Нарын Айыптын «Аксы. Маркестин сюжети» деген макаласында каргашалуу окуя өткөндөн аз өтпөй бийлик аны оппозициядан көрүп, кызуу сүрмө топтогулар бирин-бири бычактап өлтүрүшкөнүн айтып чыккан. Автордун айтымында, элге каршы ок атылгандан кийин жаалданган көпчүлүк милициянын райондук бөлүмүн камалап, бир үйүн өрттөп ийишкен соң бийликте отургандар түрмөдөгү А. Бекназаровду чыгарууга мажбур болушкан. «Кандуу окуяга күнөөлүү деп кызматтык милдет чегинен чыккан жергиликтүү бийлик, демонстрацияга чыккан эл, оппозиция табылды», деп белгилейт автор. «Мына ушундан кийин республиканы «адам укугун абдан барктаган өлкө» деп атап, калган күч-кубатты мурда аты-жыты белгисиз маараке өткөрүүгө жумшаса боло берет», деп жазат Нарын Айып.

Кой терисин жамынган саясатчы сөрөйлөр, А. Акаевдин отставкасын талап кылган оппозициянын ичинен жарака кетип, бөлүнүп атышканын жума күнкү «Кыргыз туусу» гезитинде Айдарбек Сарманбетов жазып чыкты. Анын айтымында, антип «жеке таламдарын өжөрө талашып жатышканы эми эмчектеги балага деле белгилүү болуп калды». «Акыйкатта,- деп жазат макала автору,- ким өз өлкөсүнүн, каны бир калкынын бүгүнкү, эртеңки тагдырына чындап күйүп, биримдик, ынтымак менен ак аракеттерин аянбай жатканын калк жакшы түшүнөт». Кинорежиссер Актан Арым Кубат басылмада жарыяланган маегинде Касымалы Баялиновдун айтылуу «Ажар» баянын кинотасмага түшүрүүгө ниеттенип жүргөнүн ачыкка чыгарат. Өнөрпоздун айтымында, «Ажар» аркылуу 1916-жылдын трагедиясы, элдин азап-тозогу, Атажурттун ыйыктыгын таасын чагылдырса жарашат.

«Аксы сабактары: Эмнеге жетиштик?» деген аталышта бир жыл ичинде кандай иштер жасалгандыгына жума күнкү «Слово Кыргызстана» гезити токтолгон. Гезиттин жазганына ынансак, президент А. Акаев 17-марттагы Аксы каргашасынын эртесинде элге кайрылып, саясий экстремизм күчөп баратканын ачык айткан, андан аз өтпөй ал кездеги биринчи вице-премьер-министр Н. Танаевди жанына кошуп алып Аксы районуна барып келген. Гезитте президент А. Акаевдин курултай, жыйын, кеңешме, телекөрсөтүү аркылуу сүйлөгөн сөздөрүнөн үзүндү, анан Конституциялык Кеңешме чакырганы баяндалган. 30-майда А.Акаев «Кыргызстан - адам укугунун өлкөсү» деп атаган. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылында Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынды, «Кыргызстанда демократия тереңге кетип атат», деп жыйынтык чыгарат гезит.

«Менин көз алдыма аксылыктар тартылат,- деп жазат Елизавета Лиственная жума күнкү «Республика» гезитинде. – Кербендиктер эми «акыйкаттык кайда, Аскар Акаевич мүмкүн билбей калгандыр, мыйзам боюнча соттош керек» дегенге ишенбей калышкан. Алар калыс деген сотто болушту, президенттин жүзүн көрүп, баарысын төкпөй-чачпай айтып беришти. Бирок, адилеттик дагы эле орной элек». Автордун ою боюнча, Акаевдин бийлиги азыр кубаттуу, аны курултайлар менен референдумдарда далилдеп да келатышат. Эл ишенген оппозицияны алардын бийликке жакындатышы кыйын. Гезитте Азимбек Бекназаровдун «Башты ийип элден кечирим суроо - бийликтин акылгөйлүгү менен бийиктиги» деген макаласы жарыяланган. Автордун айтымында, Аксы сабагы курултай, жыйындарды жайнатып өткөрүүдө эмес, президент 17-мартты аза күнү деп жарыялап, Боспиекке барып, кайгылуу окуя кайталанбашы үчүн күнөөлүү делинген жогорку кызмат адамдарын кызматтан алып, чыныгы күнөөкөрлөрдүн жазасын бериши керек. «Азыр президентти мактагандар эртең унутулат,- дейт Азимбек Бекназаров.- Аксы каргашасынын жаманaттысы президентке калат».
XS
SM
MD
LG