Орусиянын жетекчилиги АКШнын чалгындоо учактарынын Грузиянын үстүнөн учуп жаткандыгы тууралуу тынчсызданууда. Орусиянын коргонуу министрлигинин айтканына караганда, америкалык "У-2" чалгындоо учактары Грузия аба мейкиндигине күнүнө он-чакты жолу кирет. НАТО уюмунун айтымында, андай учуулар боло тургандыгы жөнүндө Маскөө алдын ала эскертилген, бирок Орус жетекчилеринин пикиринде, "У-2" учактары Орусиянын да аймагындагы телефон жана радио сүйлөшүүлөрдү угуп, Волгоград шаарына чейинки аймакты сүрөткө тартып ала алат.