12-март күнү Белград шаарындагы өкмөт үйүнүн алдында атып өлтүрүлгөн Сербиянын премьер-министри Зоран Жинжич 15-мартта жерге коюлду. Тажыяга Европа Комиссиясынын төрагасы Романо Проди, Алманиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер, Босниянын президенти, Австриянын канцлери, Албания, Македония, Румыния жана Хорватиянын премьер-министрлери катышты. Жинжичтин өлтүрүлүшү менен байланыштуу серб полициясы 180ден ашык адамды камакка алды, бирок кол салууну уюштурган деп шектелген Милорад Лукович менен Душан Спашоевич кармала элек.