Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш 14-мартта атайын чечим кабыл алып, мындан үч жарым жыл мурда Пакистанга каршы жарыяланган чектөөлөрдү алып салды. 1999-жылы генерал Первез Мушарраф бийликке аскерий төңкөрүш аркылуу келгенде АКШ дароо Пакистанга каршы чектөө жарыялаган. Президент Буштун айтымында, чектөөнү алып салуу Пакистандагы демократиялык өнүгүүгө жол ачат. Акыркы жылдарда Пакистан эл аралык терроризмге каршы күрөштө АКШнын негизги шериктеринин бирине айланды жана чектөөлөр жоюлгандан кийин эми 250 миллион долларлык кошумча жардам ала алат.