Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

АКШ аскерлерин өз аймагында жайгаштыруу маселесин Түркия жакын арада карабайт


Премьер-министрлик кызматка 14-мартта киришкен Түркиянын "Акыйкат жана өнүгүү" партиясынын төрагасы Режеп Тайып Эрдоган 15-мартта атайын билдирүү жасап, америкалык аскерлерди Түркиянын аймагында жайгаштыруу маселеси жакын арада каралбайт деп жарыялады. Эмки аптада өлкөнүн парламенти жаңы өкмөткө ишеним көрсөтүү маселесин карайт жана Эрдогандын айтымында, ага чейин америкалык аскерлер проблемасын чечүү кыйын. Түркиянын аскерий базаларын АКШнын пайдалануусуна берүүгө парламент мурда макул болбой койгон.

XS
SM
MD
LG