АКШ президенти Жорж Буш жана Британия менен Испаниянын өкмөт башчылары Тони Блэр менен Хосе Мария Азнар 16-мартта Португалиянын Азор аралдарында шашылыш жыйын өткөрүп, Ирак маселесин талкуулайт. Португалиянын премьер-министри Хосе Мануэл Дюрао Баросо 14-мартта сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, жыйында Иракка каршы согуш жарыяланбайт деп билдирди. Америкалык Ак үйдүн басма сөз катчысы Ари Флейшердин айтымында, Ирак маселесин АКШ дипломатиялык ыкма менен чечүүнү каалайт, бирок жаңы талкуу негизинен Ирак боюнча экинчи резолюцияны Бириккен Улуттар аркылуу өткөрүү маселесине арналат. Британиянын тышкы иштер министри Жэк Строунун пикиринде, Иракка каршы согуш баштоо мүмкүнчүлүгү акыркы күндөрдө жогорулады. Европа Биримдигинин тышкы саясатын аныктаган Хавье Солананын айтымында, согушту болтурбай коюу азыр өтө кыйын.