Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:11

«Кыргызтелеком» акционердик коомун менчиктештирүү кийинкиге калышы ыктымал


Мамлекеттик «Кыргызтелеком» акционердик коомунун контролдук акциясын сатып алууну каалаган кардарлар мындай иш-чараны апрель айына жылдырууну сунушташууда. Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тыштан инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Татьяна Нагавицинанын маалыматына караганда, буга чейин «Кыргызтелекомдун» 51% акциясын менчиктештирүү боюнча тендерди өткөрүү 31-мартка белгиленген. Бирок тендерге катышууга ниеттенген алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн келишкен ар түрдүү 13 ишкананын өкүлдөрү тендерди өткөрүү мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну сунушташкан. Анын себебин алар «Кыргызтелекомду» менчиктештирүүнүн шарттары менен толук тааныша электигине байланыштуу түшүндүрүшкөн. Азырынча тендерди өткөрүүнүн мөөнөтү жылдырылабы- жокпу белгисиз. «Бул маселе кыргыз өкмөтүнүн чечими менен аныкталат», - деп кошумчалады Татьяна Нагавицина.

Бакыт Аманбаев, Бишкек

XS
SM
MD
LG