Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:37

Орусиянын Аскер Аба күчтөрүнүн башкы командачысы Владимир Михайловдун Кыргызстандагы иш сапары аяктады


Бүгүн Орусиянын Аскер Аба күчтөрүнүн башкы командачысы Владимир Михайловдун Кыргызстандагы үч күндүк иш сапары соңуна чыкты. Бул жолу орусиялык делегация «Кант» аба майданына орусиялык аскердик базаны жайгаштыруунун укуктук негиздери жана базаны каржылоо маселеси боюнча келишим долбоорун даярдашты. Долбоор жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын апрель айында Тажикстанда болчу жолугушуусунда кол коюуга сунушталат. Владимир Михайловдун журналисттерге маалымдоосуна караганда, ушул жылдын апрель айында «Кант» аба майданына орусиялык абадан чабуул коюучу «Су-25» жана «Су-27» маркасындагы истребителдер учуп келет. Адегенде Кыргызстанга 200 жакын аскер топтолот, кийин алардын саны 500 жетет. Аскердик базанын башкы максаты аймактагы коопсуздукту сактоого багытталат.

XS
SM
MD
LG