Ишембиде Бишкекте «Манас» аба майданындагы эл аралык аскерлер менен Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын, Коргоо министрлигинин жоокерлеринин биргелешкен машыгуусу өттү. Бул күнкү иш чарада абадан парашют менен секирүү жана тоолуу шартта ар кандай аскердик опперацияларды аткаруунун жолдору аткарылды. «Манас» аба майданындагы эл аралык аскер күчтөрүнүн басма сөз кызматынын кабарлоосуна караганда, мындай аракеттер Түндүк атлантикалык аскердик альянстын «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасынын алкагында ишке ашырылды.
«Манас» аба майданындагы эларалык аскерлер менен кыргыз жоокерлеринин биргелешкен машыгуусу өттү