Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Ооганстан пакистандык туткундарга эркиндик берет


“Ал-Каида” жана талибдер тарабында согушуп, азыр Ооганстандын түрмөлөрүндө отурган бардык пакистандык туткундар Пакистанга өткөрүлүп берилет.
Бул жөнүндө Пакистандын Кабулдагы элчиси Рустам Шах Мухаммед жарыя кылды. Элчинин сөзүнчө, туткундарды бошотуу эки өлкө ортосундагы мамиленин жакшыруусуна кызмат кылат.
Ооган өкмөтүнүн өкүлү Сайед Фазел Акбардын маалымдашынча туткундарды өткөрүп берүү келерки жумада башталышы мүмкүн.
Пакистандыктар 2001-жылдын аяк ченинде АКШ жетектеген күчтөрдүн талибдерге каршы операциясы учурунда колго түшүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG