Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Израил палестиналыктарды өлкөгө киргизүүнү убактылуу токтотту


Израил армиясы Палестина автономиясына караштуу Батыш Иордан жана Газа секторундагы Израилдин чек ара бекеттерин жапты.
Армиянын билдиришинче, жөөттөрдүн Пурим майрамы маалында палестиналык согушчандардын кол салууларын болтурбоо үчүн, палестиналыктар майрам кезинде Израилдин территориясына өткөрүлбөйт.
Пурим майрамы дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин уланат.
Палестина өкмөтүнүн мүчөсү Саеб Ерекат чек араны жабууну Израилдин баскынчылык саясатынын жаңы түрмөгү катары баалады.

XS
SM
MD
LG