Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:47

Бишкектеги Жоомарт Бөкөнбаевдин эстелиги уурдалды


БИШКЕК. Кечээ кечинде белгисиз бирөөлөр акын Жоомарт Бөкөнбаевдин Эркиндик бульварындагы эстелигин бузуп, уурдап кетишти. Бул тууралуу билим берүү жана маданият министринин орун басары Султан Раев маалымдады. Анын айтымында, бул бедиз 1947-жылы орнотулган. Кыязы уурулар аны «колодон жасалган» деп ойлоп, акчага тапшырыш үчүн бузуп кетишкен көрүнөт. Тартип коргоо органдары тергөө, издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Жоомарт Бөкөнбаевдин эстелигинин уурдалышы бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынында да кызуу талкуу жаратып, айрым депутаттар Кыргызстандан түстүү металлдарды сыртка ташууга тыюу салууну сунуш кылышты.

XS
SM
MD
LG