Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:38

Кыргызстандын Өзбекстандагыанклавы болгон Барак кыштагына жол ачылды


ОШ. Бүгүн Карасуу районунун акими Адам Закировдон алынган маалымат боюнча, анклав кыштагына жергиликтүү эл жекшембиден баштап тоскоолдуксуз каттоого мүмкүнчүлүк алды. Кыргызстандын чек арасынан анклавга кетчү жолдогу Өзбекстан тарап казып таштаган жер бүтөлүп, бөгөт катары коюлган темир-бетон плиталар алынып ташталды. Натыйжада барактыктар өздөрүнүн жеке менчик машиналары менен ары-бери каттап жатышат. Бирок, Кыргызстандан чек арасы менен Барактын ортосундагы Өзбекстандын Бирлешкен кыштагында жайгашкан өзбекстандык чек ара жана милиция бекеттери алынган жок. Алар дагы эле Кыргызстандын ары-бери өткөн жарандардын, машинелердин документтерин текшерүүгө алып, барактыктар болсо гана шыр өткөрүшүүдө.

XS
SM
MD
LG