Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Мыйзам чыгаруу жыйыны Жогорку Кеңештин регламентин талкуулоону улантууда


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын иши төрага Абдыганы Эркебаевдин сунушу боюнча былтыркы Аксы окуясында курман болгондорду бир мүнөт туруп, эскерүү менен башталды. Андан кийин парламентарийлер «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзам долбоорун кароого киришти. Бул маселе боюнча төрага Абдыганы Эркебаев чыгып сүйлөдү. Төраганын айтымында, жаңы регламент беш бөлүктөн турат. Анда кош палаталуу парламенттин 2005-жылга чейин 2-февралда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясына каршы келбей иштешине шарт түзүлгөн. Депутаттар регламенттин беренелерин бирден кабыл алып, мыйзам долбоорун талкуулоону улантышууда.

XS
SM
MD
LG