Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Аксы окуясы Караколдо да эскерилди


КАРАКОЛ. «Өткөн жылдын 17-мартындагы Аксы окуясына али толук чекит коюла элек. Бийлик менен элдин, ошондой эле оппозициячыл маанайдагы саясатчылардын ортосундагы пикир келишпестиктерден улам келип чыккан тирешүү дагы эле байкалбай койбойт. Аксы окуясынын бир жылдыгына байланыштуу өтүп жаткан аза күтүү тажиясына кайдыгер кароо мүмкүн эместигин туура түшүнүп, Аксы окуясында бейкүнөө курман болгондорго багыштап куран окуттук», - дейт «Каракол жарандык коомдук» бирикмесинин теңтөрагасы, «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын облустагы лидери Канымет Жакыпбек тегин. Анын айтымында, шейит кеткендерге Каракол шаарындагы мусулмандар мечитинин молдосу куран окуду. Караколдогу бүгүнкү Эскерүү тажиясына Бейөкмөт жана коомдук уюмдардын жарандык бирикмесинин облустагы өкүлдөрү да катышты.

XS
SM
MD
LG